Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Ооганстандагы шайлоого катуу талап коюлбайт


Бул тууралуу Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Ооганстанга бара турган байкоочулар тобунун жетекчиси Роберт Барри билдирди. Анын айтымында, Ооганстандын деңгээлиндеги өлкөдөн эл аралык ченем менен шайлоо өткөрүүнү талап кылуу мүмкүн эмес.

Натыйжада ЭКК уюму ушул ишембидеги шайлоонун акыйкаттыгы боюнча билдирүү жарыялабайт.

Анын аралыгында бүгүнкү президенттик дебатка 18 талапкерден эки гана талапкер келди. Коомдук талкууга убактылуу президент Хамид Карзай да, анын күчтүү атаандаштары да катышкан жок. Талапкерлерден болгону Абдул Сатар Сиран жана Макил Мангул, ал эми алты талапкердин вице-президенттикке көрсөтүлгөн шериктери, дагы бирөөнүн өкүлү катышты. Анда талкууда коррупция, согуш кылмыштары жана өлкөнүн келечеги сөзгө алынды. Талкууну 100гө жетпеген киши көрүп отурду. Дебатты Ооганстандын Маданият жана Жарандык коом кору уюштурду.

XS
SM
MD
LG