Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Иракта жардыруулар уланууда


Багдадда бүгүн катуу келаткан машина Жашыл Тилкеге кире бериште жарылып, кеминде сегиз киши мүрт кетти. Көп киши жарадар экендиги кабарланууда. Аталган тилкеде Ирактын өкмөттүк кеңселери жана АКШ менен Британиянын элчиликтери жайгашкан.

Багдаддын дагы бир чоң көчөлөрүнүн биринде да бомба жарылып, кеминде эки киши каза болду. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында башталгыч мектептин жанында дүрмөттөлгөн машина жарылды. Америкалык армиянын билдиришинче, каза тапкан эки киши – чабуулдун уюштуруучулары болушкан шекилдүү, дагы бир киши жаракат алды.

Өткөн түнү АКШнын согуш учактары козголоңчулардын колундагы Фаллужа шаарын кайрадан бомбалашты. Жергиликтүү дарыгерлер 9 киши, анын ичинде үч аял жана эки бала курман болгонун маалымдашты. Анын аралыгында, АКШнын армиясы Самара шаарындагы чабуулдарын улантып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG