Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Америкалык илимпоздор Нобель сыйлыгын алышты

Америкалык илимпоздор Ричард Аксель менен Линда Бак адамдардын жыт сезүүсүн изилдеген эмгектери үчүн Нобель сыйлыгына ээ болушту. Алардын ысымдары кечээ Швецияда жарыяланып, 1 млн. 300 миң доллар акчалай байге тапшырылды.

Нобель академиясынын катчысы Ханс Жорнволл бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:

- Каролинск институтундагы Нобель жыйыны бүгүн физиология жана медицина тармагында жыт сезүү аракетинин системасын терең изилдөөдөгү жетишкендиктери үчүн Нобель сыйлыгын Ричард Аксель менен Линда Бакка берүүнү туура көрдү, - деди Нобель академиясынын өкүлү Ханс Жорнволл.
XS
SM
MD
LG