Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

6-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү:
Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 6-7-октябрда Кыргызстанда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Республиканын кээ бир аймактарында күндүз абанын температурасы 11…16 градуска чейин төмөндөп, Талас, Ысыккөл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй өрөөнүнүн тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин муздап, үшүк жүрөт. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

6-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ, ТАЛАС аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16.
НАРЫНДА түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн +9…+11, күндүз +15…+17 градус болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG