Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Тилекмат элчинин урпактары Каракулжа районунда болушту


ОШ. Тилекмат (аке) элчинин урпактары Каракулжа районуна караштуу Сарыбулак айыл өкмөтүндө жашаган сарбаргы уруусунун торойчу деп аталган тобунда мейманда болушту. Алар түп аталарынын бири Ысыккөлдү жердеген кадимки Жылкайдар уулу Тилекмат элчинин чоң атасы Алымбектин арбагына арнап куран окутушту, санжыра такташты, тууганча боор батырышты. Анткени, Тилекмат элчинин чоң атасы Алымбек ушул каракулжалык сарбаргылардын көрүнүктүү инсаны болгон экен жеринде. Кашкар аркылуу Ысыккөлгө барып, убактылуу туруп калат. Жылкайдар ошондо энесинин курсагында экен. Алымбек ата-журтуна - Каракулжага келип кокустан каза болот да, Жылкайдар Ысыккөлдө атасыз төрөлөт жана ошол жакты мекендеп калат. Тилекматтын азыр Ысыккөлдө беш жүздөй урпагы бар. Тилекмат элчинин урпактары Каракулжа районунун социалдык-экономикалык акыбалына да кызыгышты.

XS
SM
MD
LG