Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жыйын өткөрүштү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында жергиликтүү кеңештерге өтүүчү 10-октябрдагы шайлоону айыл калкынын көпчүлүгү билбегендигине кабатырлануу айтылды. Элдин «Шайлоо кодекси» менен көп мандаттуу округдарда добуш берүү тууралуу түшүнүктөрү жокко эсе. "Шайлоо кодекси" жетишсиз чыгарылгандыктан Жалалабад шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да добуш берүү жөнүндө өздөрү чаташууда. Шайлоочулардын тизмелери шаарда али такталып бүтө элек.

Айыл, кыштактарда айылдык, поселоктук кеңештердин депутаттыгына талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу уюшкандыкта өткөрүлбөй жатат. Депутаттыкка талапкерлер жөнүндөгү калктын арасында маалымат жетишерлик эмес. Бул тууралуу "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогу менен “ЭрК”, “Атамекен” партияларынын жана бейөкмөт уюмдардын облустагы өкүлдөрү билдиришти.

XS
SM
MD
LG