БИШКЕК. Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы мамлекеттик опера жана балет театрында мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу жыйын болду. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев катышып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле мыкты деп табылган мугалимдерге сыйлыктар жана ардак наамдар ыйгарылды. Кыргызстанда мугалимдер күнү октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келатат.