Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Көчөдө калган 42 үй-бүлөгө жер берилди


БИШКЕК. Бишкектеги эт комбинатына таандык имараттан апрель айында чыгарылган 42 үй-бүлөгө Бишкек шаарынын түндүк чегинен ар бирине 6 соткеден жер берилди. Υй курууга жардам берүү максатында Ленин райондук адмиинстрация алдында «Якорь» аттуу фонд түзүлдү. Ал эми 3 майып үй бүлөгө даяр турак үй берүү чечими чыкты. Мындай маалымат бүгүн Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын, Эт комбинатынын жетекчилиги менен тургундардын жолугушуусу учурунда маалымдалды.

Мындан бир нече жыл мурда күнүмдүк тапкан каражатына жан баккан 66 үй-бүлө Эт комбинатынын бүтө элек имаратына мыйзамсыз кирип алышкан. Аларды райондук милиция кызматы апрель айында күч менен чыгарган. Бирок аталган үй-бүлөлөр ошондон бери аталган имараттын айланасын курчай жайгашып, ачык асман алдында жашап келишкен.

XS
SM
MD
LG