Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Укук коргоочу акыйкатчынын билдирүүсүн сынга алды


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы тигил же бул маселени сот аркылуу эмес, сүйлөшүү аркылуу, мыйзам чегинде жана эл аралык нормаларга ылайык ишке ашырышы керек. Ушундай мазмунду камтыган кайрылууну бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети таратты. Кайрылуунун таратылышын кыймыл акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айрым малымат каражаттарын сотко берүү ниети менен байланыштырган.

Турсунбай Бакир уулу 28-сентябрда уюштурган маалымат жыйынында «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек», «Агым» гезиттерине жана КООРТ, КТР, телекомпанияларына акыйкатчы институтунун жылдык отчётун туура эмес чагылдырды деп нааразылык билдирген. Ошондой эле ал «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттерин сотко берерин жарыялаган.

Турсунбек Акун жетектеген укук коргоо кыймылы болсо акыйкатчынын мындай кадамын коркутуу катары баалап, маалымат каражаттары оюн эркин чагылдырууга укуктуу деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG