Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Менчиктештирүүнүн жыйынтыктары парламентте талкууланды


БИШКЕК. 5-октябрда өкмөт башчы Николай Танаев 1991-жылдан бери жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жүрүшү жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына маалымат берди. Анын айтымында, 13 жылдын ичинде мамлекеттик мүлктүн 71% менчиктештирилип, андан казынага 1 миллиард 352 миллион сом түштү. Анын ичинен 971 миллион сом бюджетке кирешеленди. "Жалпысынан өлкөдө менчиктештирүү мыйзам чегинде болду", деп белгиледи Николай Танаев. Ал энергетика тармагын андан ары менчиктештирүү маселесин колдоп берүүнү депутаттардан өтүндү.

Депутаттар шейшембиде Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрүнө менчиктештирүүнүн жүрүшү боюнча суроолорун берип бүтүштү. Эми бейшемби күнү алар жарыш сөзгө чыгып, андан кийин тийиштүү чечим кабыл алмакчы.

XS
SM
MD
LG