КАБУЛ. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда Пакистанда башпааналаган 740 миңдей ооган жараны шайлоочулардын тизмесине катталды. Ошону менен катар эле уюм Иранда башпааналаган шайлоочуларды каттоого алганга жетише албай калганын айтат.
Анын аралыгында Ооганстандын президенттигине ат салышып жаткан Хамид Карзай өлкөнүн чөлкөмдөрү боюнча үгүт сапарын улантууда. Газни шаарынын паркындагы жыйынга Карзайга 10 миңдей тарапкер колдоо билдирди. Карзайдын сапары күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өтүп жатат. Анын аттандашы - мурдагы билим берүү министри Юнус Канони бүгүн Кабулда өткөн митингде сөз сүйлөдү. Жыйынга Канонинин 2000дей тарапкери катышканы кабарланат.