Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Рауль Хаджимба Абхазиядагы президенттик шайлоонун дагы бир турун өткөрүүнү талап кылды


СУХУМИ. Грузиянын курамындагы өз алдынчалык жарыялап алган Абхазияда президенттикке талаптангандардын бири - премьер-министр Рауль Хаджимба жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, добуш берүүнүн экинчи турун өткөрүүнү талап кылды. Анын айтымында, шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү.

Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептеп бүтө элек. Алдын ала жыйынтыктар боюнча "Черноморэнерго" аттуу мамлекеттик компаниянын башчысы Сергей Багапш алдыда баратат. Алдын ала жыйынтыкты уккан Багапш өзүнүн жеңип чыкканын жарыялап жиберген.

XS
SM
MD
LG