Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Көзакстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды


АСТАНА. Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык президент Назарбаевдин "Отан" партиясы 77 орундун 42сине ээ болду. Андан кийинки орунга парламентте 11 мандатка ээ болгон "АИСТ" блогу чыкты. Назарбаевдин улуу кызы Дарика Назарбаеванын "Асар" пратиясы үчүнчү орунду алып, төрт мандатты жеңип алды. Оппозициядагы "Ак жол" жана президентти колдогон Демократиялык партия бирден орун гана алышты. Көз карандысыз талапкерлерге 18 орун тийди.

XS
SM
MD
LG