Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

АКШ менен Кыргызстан эларалык сотко берүү тууралуу келишимге кол коюшту


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаменти менен Кыргызстандын аткаруу бийлиги атуулдардын эларалык сотко арыз берүүсүнүн жол-жоболору боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту. Мындай келишимге мамлекет башчы Аскар Акаевдин 25-сентябрдан 30-сентябрга чейин АКШдагы иш сапарынын учурунда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Марк Гроссман кол коюшкан. Келишимге ылайык тараптар бир өлкөнүн атуулун экинчи мамлекеттин уруксатысыз эларалык сотко бере албайт. Мындай маалымат бүгүн президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевден алынды.

XS
SM
MD
LG