БИШКЕК. Бүгүн «Түрк цивилизациясынын дүйнө цивилизациясындагы орду» деп аталган эларалык конференция аяктады. Анын жыйынтоочу документи катары резолюция кабыл алынды. Резолюцияда конференцияны эки жылда бир жолу өткөрүп туруу, түрк цивилизациясынын көйгөйлөрүнө арналган журналды англис, кыргыз, түрк жана орус тилдеринде чыгарып туруу белгиленди. Ага ылайыктуу ат берүү милдети жазуучу Чыңгыз Айтматовго тапшырылды.
Андан тышкары президент Аскар Акаевдин сунушунун негизинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин базасында түрк цивилизациясынын борбору ачылмак болду. Ал эми конференциянын эларалык макамга ээ болушу үчүн эмки конференцияны башка мамлекетте өткөрүү чечими кабыл алынды, бирок ал кайсы жерде өткөрүлөөрү так айтылган жок.