Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Шайлоо маселеси «тегерек стол» жыйынында талкууланды


БИШКЕК. 6-октябрда АКИпресс агенттигинде «Шайлоо-2004» аттуу «тегерек үстөл» жыйыны болду. Ага шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлер, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Оксана Малеваная жана акыйкатчынын өкүлү катышты. Оксана Малеваная талапкерлердин алдыга койгон программалары чачкын, жалпы мүнөздө, шайлоочуларга ишеним бере албай тургандай даярдалган жана аларды ишке ашыруу жолдорун ачык көргөзүшкөн эмес деген баасын билдирди.

Ал эми Бишкек шаарындагы №7 Тоголок Молдо шайлоо округу боюнча талапкер Төлөкан Исмаилованын штабынын жетекчиси Марат Казакбаев талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларына тымызын бут тосуулар болуп жаткандыгын айтты. Акыйкатчынын эксперти Бакыт Асизбаев атаандашуунун талапкерлердин укугун бузган жаңы түрү, тактап айтканда, талапкерлерди каралаган баракчаларды таратуу пайда болгондугун билдирди. Анын айтымында, убакыттын жоктугунан талапкерлер аны иликтөөгө жетише албай жатышат.

XS
SM
MD
LG