Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Өкмөт башчы Техас штатына барбай калды


БИШКЕК. Өкмөт башчы Николай Танаев Кошмо Штаттарына боло турган иш сапарын кийинкиге жылдырды. Буга анын 7-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынында энергетика тармагын менчиктештирүүгө арналган талкууга катышуусу себеп болду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына өкмөттүн коомчулукту маалымат менен камсыздоо департаментинин башчысы, өкмөт башчынын жардамчысы Санжар Үмөталиев маалымдады.

Буга чейин өкмөт башчы Николай Танаев 6-9-октябрда АКШнын Техас штатында жумуш сапары менен барары кабарланган. Ошондой эле өкмөт башчы Техас штатынын губернатору Рик Керри жана ишкерлери менен жолугушуп, иш сапардын жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюшаары белгиленген.

XS
SM
MD
LG