Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Бишкекке ЕврАзЭCке мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары келишет


БИШКЕК. 8-октябрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблея бюросунун кезектеги отуруму башталат. Ага катышуу үчүн 7-октябрда Кыргызстанга Орусиянын мамлекеттик думасынын жетекчиси Борис Грызлов, Казахстандын сенатынын төрагасы Нуртай Абыкаев, Тажикстан мажилисинин төрагасы Махмадсаид Убайдуллоев, Белорус парламентинин башчысы Геннадий Новицкий келет.

Эки күнгө белгиленген жыйында биримдикке мүчө мамлекеттердин бюджет системасынын негиздеринин концепциясы жана уюмга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү маселелери каралат. Ошондой эле жыйынга Евразия экономикалык биримдигинин баш катчысы Григорий Рапота катышат. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар бөлүмүнөн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG