Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Газа тилкесинде кан төгүү токтой элек


Кошмо Штаттары бул коогалаңды токтотууну караган резолюцияга вето койду.

Жабалия качкындар лагериндеги кагылышууда Израил аскерлерине ок ачкан бир куралчан атып өлтүрүлдү. Бейит Лахияда үйүндө отурган жеринен аткыланып, карапайым эки палестин мүрт кетти. Үч куралчан Кфар Даром аттуу жөөт айлына кирип келип, ок ачканда башталган кагылышууда бир палестин жана жөөт айлынын теги таиланддык үй кызматчысы окко учту.

Кечээ Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде араб өлкөлөрү сунуш кылган Израилдин Газадагы чабуулун токтотуу жөнүндөгү резолюцияга Кошмо Штаттары вето койду. АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Данфорс өз өлкөсүнүн турумун мындайча түшүндүрдү:

- Бул резолюция террористтерге гана дем бербестен, Израилдин алдын-ала белгилүү болгон жообун алдын-алууга огожо болбойт. Акыр-аягында, бул өңдөнгөн резолюциялар террористтерди шердентип, террор чабуулдарына шык берет жана террористтердин тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратуу максатына салым кошот.

Резолюцияны Коопсуздук кеңешиндеги 11 өлкө колдоп, Британия, Германия жана Румыния калыс калышты.

XS
SM
MD
LG