Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

Абхазиядагы президенттик шайлоонун Галидеги жыйынтыктары мыйзамсыз деп табылды


Ал жерде 17-октябрда эл кайра добуш бермей болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Грузиянын курамындагы сепаратисттик Абхазиянын башка райондорундагы добуш берүүнү мыйзамдуу деп тапкан. Шайлоонун жыйынтыктары дүйшөмбүдө жарыяланганда эле шайлоо комиссиялары аны таануудан баш тартышкан.
Оппозициячыл талапкер Сергей Багапш шайлоодо жеңгенин жарыялап жиберген, анын атаандашы премьер-министр Раул Хаджимба Галидеги добуш берүүнүн натыйжаларынан күмөн санап, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Экөөнүн ортосундагы ажырым аз гана, айрым саясатчылар Абхазиянын мыйзамдары боюнча бир гана чөлкөмдө эмес, бүткүл жумуриятта кайрадан шайлоо өтүшү керек деп чыгышты.

XS
SM
MD
LG