Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ирактын утурумдук өкмөтү козголоңчулар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди


Ырасми Багдад радикал шийилердин жетекчиси Муктада ас-Садрдын козголоңчулары менен кан төгүүнү токтотуу жолдорун талкуулап жатат. Кечээ Багдаддын чет жагындагы аскердик базада машинедеги бомба жарылып, 10 киши өлүп, 20дан ашуун адам жарадар болушкан. Ушундай окуялардан улам Улуттар уюму Иракка январдагы шайлоону даярдоого жардам бере турган кошумча эксперттерди жөнөтүүдөн карманууда. Улуттар уюмунун басма сөз өкүлү Фред Экхард буларды билдирди:

- Биз Ирактын шайлоо комитетине кеңеш бере турган эксперттерди көбөйтүшүбүз керек эле. Бирок ал жердеги коопсуздук шарттары – биздин координатордун көз карашы боюнча, азыр Иракта иштеп жаткан 35 эксперттен ашык адамды жөнөтүүгө жол бербейт.

XS
SM
MD
LG