Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Ооганстанда үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү аяктады


Ооганстанда ишембиде өтө турган президенттик шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтү кечээ аяктады. Президенттикке талапкер болуп катталган 18 кишинин экөө Хамид Карзайдын пайдасына жарыштан чыкканын жарыялашты. Байкоочулар калган 16 талапкердин ичинен Карзайдын мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин айтышат.

Өлкөдө кырдаал тынч эмес, кечээ Карзайдын болочок вице-президенти катары шайлоо компаниясына катышып келаткан Ахмад Зия Масуддун кербенине чукул жерде жардыруу болуп, ал жабыр тарткан жок. Кол салуудан бир киши набыт кетип, экөө жараат алышты.

Карзай алдыдагы шайлоо өлкөнүн тагдырын чечет деп белгилесе, анын атаандашы, генерал Абдул Рашид Достум буга чейин Ооганстан миллиондогон долларлык жардам алганы менен, кайра куруу иштери өтө жай жүрүп жатканына көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG