Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Иракта массалык кыргын салуучу курал эми табыларына ишеним жокко эсе


Америкалык курал-жарак инспекторлорунун башчысы Иракта массалык кыргын салуучу курал эми табыларына ишенбээрин билдирди.

Шаршембиде АКШ Сенатында соңку отчётун жарыялаган башкы инспектор Чарльз Дулфер былтыр жазда согуш башталар алдында Иракта химиялык, биологиялык же өзөктүк курал болгон эмес деп маалымдады:

- Биз согуш башталар алдында массалык кыргын салуучу куралга керектелчү материалдар Ирактан сырткары чыгарылып кеткен-кетпегенин бир беткей айта албайбыз. Бирок, мен өз иликтөөлөрүмө таянып, кооптуу курал катылган кампалар жок деп айта алам, - деди Сенатта көрсөтмө берген Дулфер.

АКШ президенти Жорж Буштун администрациясы Ирактагы согуштун алдында Саддамдын кооптуу куралы болгон деп кайталап келатат. Башкы инспектор Дулфер Саддам опуртал куралга ээ болуу аракетинен 1991-жылы баш тарткан, бирок Улуттар уюмунун санкциялары жоюлса, ал ишти улантуу пландары бар болчу деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG