Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

СПИДге каршы үч долбоор ишке киришти


ОШ. «Ата-энелер маңзатка каршы» коомдук кору тарабынан сунушталган долбоор бир күндө миң баңгинин, Ош облустук СПИД борбору тарабынан сунушталган долбоор бир күндө 600 баңгинин, «Подруга» коомдук кору тарабынан сунушталган долбоор бир күндө 200 баңгинин шприцин алмаштырып турмакчы. Ошондой эле он миңдеген адамдарды СПИДке, баңгиликке каршы үндөгөн маалымат баракчалары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Бардык чыгым ушул долбоорлорду кабыл алган глобалдык кордун эсебинен сарпталат. Азыр келишимдерге кол коюлду. Жаңы жылга чейин даярдык иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалмакчы. Долбоорлордун негизги иши 2005-жылдын январынан башталат жана алардын аяктоо мөөнөтү иштин жүрүшүнө карата аныкталат.

XS
SM
MD
LG