Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Германиядан делегация келет


БИШКЕК. 7-октябрда Кыргызстанга Мыйзам чыгаруу жыйынынын чакыруусу менен Германия федеративдик республикасынын Бундестагынан Антье Вольмер жетектеген ырасмий делегация келет. Мыйзам чыгаруу жыйынынын эларалык бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, германиялык делегация президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Абдыганы Эркебаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, өкмөт башчы Николай Танаев, тышкы иштер министи Аскар Айтматов менен жолугушат. Кездешүүлөрдө эки өлкөнүн парламенттеринин арасындагы кызматташтыкты чыңдоо тууралуу пикир алмашуу болот.

XS
SM
MD
LG