Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

Коалиция шайлоону адилет өткөрүүгө негиз түзүлдү деп билдирди


БИШКЕК. 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолордун адилеттүү өтүшүнө жетишээрлик мыйзамдуу негиздер түзүлдү. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын өкүлдөрү жасашты. Ошондой эле коалициянын өкүлдөрү үгүт иштеринин жүрүшүндө да олуттуу мыйзам бузуулар болбогондугун маалымдашты.

Коалициянын презденти Эдил Байсаловдун маалыматына караганда, шайлоо күнү өлкө боюнча эки миңге жакын көзкаранды эмес байкоочулар 1125 шайлоо участокторунда шайлоонун жүрүшүнө көзөмөлдүк кылышат. «Байкоонун жыйынтыгы боючна өзүнчө атайын отчёт даярдалып коомчулукка жарыяланат» деп кошумчалды Эдил Басалов.

XS
SM
MD
LG