БИШКЕК. Агенттиктин негизги милдети - "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдар менен алардын жакындарынын кирешелерин декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө" мыйзамдарды ишке ашыруу.
Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Акылбек Жумабаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, жакын арада жети адамдан турган кеңеш түзүлөт. Анын курамына президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жана Жогорку соттун өкүлдөрү кирет. Кеңеш бир жылдык мөөнөт менен түзүлүп, агенттиктин ишин көзөмөлдөп турат.
Андан тышкары кеңеш министрликтер менен мамлекеттик мекемелерде жаңыдан иштөөчү статс-катчыларды конкурстук негизде тандап, аларды беш жылдык мөөнөткө дайындайт.