БИШКЕК. «МСН» гезитинин жетекчилиги монополияга каршы саясат боюнча департаменттин 27-сентябрдагы токтомун жокко чыгарууну талап кылып сотко кайрылат. Мындай маалымат бүгүн гезиттин башкы редактору Александр Кимден алынды.
Анын билдирүүсү боюнча, редакция мындан тышкары департаменттин токтомунун мыйзамдуу же мыйзамдарга каршы экендигин талдап берүү өтүнүчүн Башкы прокуратурага жолдойт.
Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департамент «МСН» гезитинин редакциясы басылманын баасын жогорулатсын деген токтом кабыл алып, басма сөз базарындагы атаандаштыктан жапа чеккен тараптар материалдык чыгымын өндүрүп алуу үчүн тиешелүү мекемелерге кайрылуусун сунуштаган.
Департаменттин мындай токтом кабыл алуусуна «Учкун» концерни, "Вечерний Бишкек" баш болгон бир нече гезиттин «МСН» өз наркынан арзан баада сатылып, атаандаштыкты бузду жана гезит басма сөз базарында монополист болгону жатат деген арызы себеп болгон.
Бейөкмөт уюмдардын коалициясы "токтом саясий мүдөө менен атайылап чыгарылды" деп, анын мыйзамдарга карама-каршы келээрин билдирген.