Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Парламент менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын карап жатат


БИШКЕК. 7-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны 1991-жылдан бери өлкөдө жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жыйынтыктары боюнча маселени талкуулоону улантты. Көпчүлүк депутаттар менчиктештирүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолуп, совет заманынды курулган завод-фабрикалар жана кымбат имараттар арзан баага сатылып, миллиондогон акча өлкө казынасына түшпөй калгандыгын айтышты.

Депутат Исмаил Исаковдун маалыматына караганда, 1996-жылга чейин жүргүзүлгөн менчиктештирүүдөн өлкө казынасына 13 миллиард 700 миллон сом түшөөрү пландаштырылып, иш жүзүндө өлкө бюджетине 300 миллион сом гана түшкөн.

Ал эми депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында, соңку жылдары эле өлкөдө 4 миллиард 6 миллион сомго бааланган 508 ишкана «банкрот» деп жең ичинен сатылып, өлкө казынасына болгону 412 миллион сом гана түшкөн.

Ошондой эле депутаттар акыркы жылдары Оштогу «Жибек» комбинаты, Канттагы цемент-шифер заводу, «Кыргызмебел», Кайыңдыдагы кант заводу жана башка ондогон кирешелүү ишканалар арзан баага сатылып кеткендигин айтышып, мына ушундай мыйзам бузууларга жол бергендер жазаланмайынча энергетика тармагын менчиктештирүүгө жол бербөөнү сунушташты.

Ал эми Айдарбек Керимкулов, Темир Сариев, Акбөкөн Таштанбеков жана башка депутаттар менчиктештирүүнүн жыйынтыгында экономикада бир катар ийгиликтер болгондугун айтышып, энергетикка тамагын менчиктештирүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

XS
SM
MD
LG