Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ооганстанда шайлоо алдындагы кырдаал


9-октябрь күнү Ооганстан тарыхында алгачкы жолу тикелей президентик шайлоо өтмөкчү. Такка ат салышып жаткандардын бири – учурдагы президент Хамид Карзай.

- Биз ооган элине наалат айткан талиптерге шайлоону өткөрүүгө тоскоол болууга жол бербейбиз. Алар азырга чейин ооганстандыктарга каршы аракеттерин күчөтүп, чет элдик күчтөрдү да колдонуп жатышат. Азыр талиптердин күчү дээрлик жокко эсе, алардын саны 100дөн кем болушу мүмкүн, бирок андан ашпайт. Ошондуктан аларды шайлоого катыштырбай эле койсок деле болот. Бул - менин позициям, - деди Карзай.

Өлкөдө шайлоо алдындагы кырдаал курч бойдон калууда. Кечээ Хамид Карзайдын болочок вице-президенти катары шайлоого катышып жаткан Ахмад Зия Масудду өлтүрүүгө багытталган чабуулдан бир адам өлгөн. Бадахшан облусунда болгон жардырууну талиптердин өкүлү аткарганын мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG