Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Америкалык эксперттер Ирактын кыргын салчу куралы болгон эмес дешти


“АКШ баштаган коалиция күчтөрү Иракты басып киришкен убакта, Иракта массалык кыргынга салуучу куралы болгон эмес”. Бул тууралуу шаршембиде америкалык эксперттердин тобун жетектеген Чарлз Дулфер АКШ Сенатынын комиссиясы алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

-Биз массалык кыргын салуучу куралга тиешелүү маалыматты табышыбыз керек болчу. Бизге куралдын өзүн табуу жүктөлгөн эмес. Биз өзөктүк курал программасы боюнча чындыкты табышыбыз керек эле.

Анын айтымында, Саддам Хусейн өзүнүн химиялык жана биологиялык байлыгын ага киргизилген санкция алынгандан кийин, аларды кайра өнүктүрүүнү максат кылган. Бирок алардын көпчүлүк бөлүгүн 1991-жылдан кийин жок кылып салган.

АКШ президенти Жорж Буштун администрациясы Иракка болгон чабуул учурунда өлкөдө массалык кыргындоочу куралы болгондугун билдирип, согуштун башталышын актаган. Эксперттин кечээки билдирүүсүн эске албай туруп, кечээ түнү Буш Саддам чынында эле чоң коркунуч туудурганын, анткени ал куралды террорчуларга берип койушу да мүмкүн болгондугун айтты.

Ошол эле учурда, Иракта абал оор бойдон калууда. Бүгүн Багдатта дагы бир жардыруу болгондугу тууралуу кабар келип түштү. Азырынча канча адам андан жапа тарткандыгы жана жардырууну ким жасагандыгы тууралуу эч кандай маалымат айтыла элек.

Америкалык аскерлер бүгүн билдиришкендей, Ирактын түндүк бөлүгүндө кечээ 20 козголоңчу, дагы эки шаардан “көтөрүлүшчү” деп шектелип жаткан 17 адам колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG