Пакистандын Мултан шаарындагы эки жардыруудан 39 адам мерт кетти, дагы 100дөн ашууну жаракат алды.
Жардыруулар митинг учурунда болду. Иш-чара ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган суннилердин уюмунун лидери Азим Тариктын өлгөнүнүн жылдыгына арналган эле.
Азырынча жардыруу үчүн жоопкердикти эч ким өзүнө ала элек. Аталган уюмдун өкүлдөрү муну радикал шийилер гана жасашы мүмкүн экендигин айтышууда.