Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

9-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 9-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы 3-8 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы түнкүсүн 19-24, ал эми күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз +11…+16 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн –2 градустан -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +9…+14 градус жылуу.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 градус.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН дубандарында түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз +8…+13 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ күн ачык болуп, айрым жерлерде сейрек булут каптап турат.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG