Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Ош мэриясында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышы талкууланды


ОШ. Жыйында Ош шаарынын прокурору Рыскул Бактыбаев мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Анын айтымында, мамлекеттик тил үчүн күйүп-бышкандарды улутчул катары кароо туура эмес. "Мыйзамды аткаруу кыргызбы, оруспу, өзбекби - бардыгы үчүн бирдей милдет" деп баса белгиледи облпрокурор.

Ошондой эле Ош шаарындагы мекеме-ишканаларда кыргыз тилинде жүргүзүлгөн иш кагаздар толук сабаттуу болбой жаткандыгы, андыктан кыргыз тилин үйрөнүүгө мыйзамда белгиленгендей толук шарт түзүп, атайын адистерди пайдалануу керектиги да байма-бай айтылды. Товардык белгилер мыйзам боюнча мамлекеттик тилде же расмий тилде гана жазылышы керек болсо Ошто англис, араб, ал турсун латын арибиндеги өзбек тилинде да жазылып, мыйзам бузулуп жаткандыгы сынга алынды.

Оштон чыкчу «Ош ТВ», «Мезон ТВ», «Керемет» телеструдияларынын берүүлөрүнүн жарымынан көбү мыйзамга ылайык мамлекеттик тилде бирилсин деген талап коюлду.

XS
SM
MD
LG