Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Жалалабад-Казарман жолу жабылды


ЖАЛАЛАБАД. Облустун борбору менен Тогузторо районун байланыштырган жол катнашынын үзүлүшүнө 6-7-октябрда Сарыкыр ашуусуна бир метрге чейин кардын жаашы себеп болду. Күзүндө жабылган жол жыл сайын май, июнь айларында ачылат. 23 миң адам жашаган Тогузторо районунун жүргүнчүлөрү Жалалабадга келип кетиш үчүн эми Ош-Бишкек же Суусамыр-Казарман жолу аркылуу каттоого аргасыз.

Коомчулуктун байкоосунда жолдун жабылышы менен Тогузтородо жол кире, күйүүчү май, азык-түлүк жана башка продуктылардын баалары көтөрүлөт. Облустук бийлик деңиз деңгээлинен 3 миң мерден ашык бийик турган Сарыкыр ашуусундагы карды сүрүүгө жана ал жерде дайыма иштөөчү бульдозерлерди коюуга облустук жол башкармалыгына көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG