Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:06

Экологдордун жыйыны аяктады


БИШКЕК. Чолпоната шаарында экологдордун аймактар аралык семинары аяктады. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Өзбекстандын экология боюнча мамлекеттик кызматтарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Семинарда аймактагы айлана-чөйрөнү коргоодогу проблемалар талкууга алынды.

Ошондой эле экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда чегара аралык экологиялык коркунучтар маселеси каралды. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG