БИШКЕК. Эртең Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында президент Аскар Акаевдин “Келечекке ишеним менен ой толгоо” аттуу китебине байланыштуу "тегерек үстөл" жыйыны өтөт. Анын жүрүшүндө БУУнун ролу жана Акаевдин концепциясын андан ары өнүктүрүү, чыгыш жана батыш маселеси, "цивилизациялардын кагылышуусу" сыяктуу маселелер талкууланат. Жыйынга Улуттук академиядан белгилүү окумуштуулар катышат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.