БИШКЕК. "Кыргызстан элдик патриоттук кыймылы" президент Аскар Акаевден Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди кызматтан четтетүүнү сурап, талап кылууда. Бул жөнүндө 8-октябрда аталган кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Мотуев «АКИпресс» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоолордун жана референдумдардын мыйзам бузуулар менен адилетсиз өтүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы жол берип келген.
Кыймыл мүчөлөрү Сулайман Иманбаевди алдыдагы шайлоолордо баш бармакка белги койуу ыкмасын киргизүүгө каршы чыкканы үчүн сындашты. Ошондой эле мурдагы парламенттик шайлоодо оппозициялык көз караштагы Феликс Кулов, Данияр Үсөнөв өңдүү талапкерлер депутаттыкка өтпөй калгандыгы үчүн да Иманбаевди айыпташты.
Ал эми Сулайман Иманбаевдин өзү болсо Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин да, азыр дагы шайлоонун акыйкат өтүшү боюнча бардык чараларды көрүп келатат деп «Азаттыкка» билдирди.