Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

ЕврАзЭСтин парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү


БИШКЕК. 8-октябрда Бишкекте Евразиялык экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын бюросунун жыйыны өттү. Анда эларалык терроризмге каршы күрөшүү, уюмга мүчө өлкөлөрдүн бажы, салык, баалуу кагаздар базары, милдеттүү социалдык камсыздандыруу тармактарындагы мыйзамдарын айкалыштыруу маселелери каралды.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле мүчө-өлкөлөрүнүн бюджеттик системасынын негиздери камтылган концепцияны жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маселелерди да талкуулашты.

Жыйынга катышкан ЕврАзЭСтин баш катчысы Григорий Рапота жана Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын уюмдагы өкүлдөрү ушул эле күнү президент Аскар Акаев менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG