Израил өкмөтү алардын саны 31ге жеткенин, жарадар болгондор 120дан ашканын айтууда. Жайран болгондордун көбү жөөт саякатчылары, алардын арасында бир орус аял да бар, россиялык дагы сегиз киши жарадар болду. Жарылуулар өткөн түнү Таба, Нубейва жана Рас-ас-Сатан шаарларында болду. Бул иштер үчүн жоопкерчиликти “Жамаа ал-Исламия ал-Аламия” жана “Тахид ислам бригадасы” деп аталган эки топ өзүнө алды. Бирок израил бийликтери муну “Ал-Каида” уюштурду деп эсептешет. Премьер Ариэл Шарон Египет президенти Хосни Мубарак менен сүйлөшүп, террорго каршы биргелешип күрөшүү боюнча чаралар көрүлө тургандыгын ырастады. Мисирдеги террорду көпчүлүк өлкөлөр айыпташууда.