Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоду


БАТКЕН. Фергана облусунун жетекчиси Алишер Атабаевдин наамына жолдонгон бул катта Сох анклавындагы чегара бекеттеринен өтүүдө кыргыз атуулдары мыйзамсыз аракеттерге тушугуп жатканы, өзбек чегарачылары ар кандай шылтоолор менен акча талап кылаары эскертилет.

Баткен-Кайынды каттамындагы автобус эки саатка дейре кармалаары, өзбек чегарачылары эмчектеги наристелер үчүн да күбөлүк сураары, жетимиш жаштагы кемпирден базардан сатып алган азык-түлүк үчүн уруксат кагазы жок деген шылтоо менен акча алганы, Таян айылына кире бериш жерге мыйзамсыз түрдө чыгып алган өзбек бажысынын кызматкери Ормонов аттуу кыргыз атуулунун 350 кг. буудайы менен 40 миң өзбек сумун алып койгону сыяктуу мисалдар көрсөтүлгөн.

Мындай аракеттер менен кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн 2000-жылдын 2-июлундагы келишими одоно түрдө бузулуп жатканы белгиленип, Фергана облусунун башчысына чектен чыккан чегарачылары менен бажы кызматкерлерине чара көрүү жана маселени тез арада жөнгө салуусу суралган. Бул тууралуу облус губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбеков 9-октябрда «Азаттыкка» билдирди.

Мындан сырткары ал эгер өзбек чегарачылары мыйзамсыз аракеттерин токтотпосо кыргыз тарап да кошуналардын өздөрүнө жараша адекваттуу чара көрүүгө аргасыз экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG