Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:22

Кыргызстанга Бундестагдын делегациясы келет


БИШКЕК. 10-октябрда Кыргызстанга Германиянын Бундестагынын вице-президенти Анти Фольмар жетектеген парламенттик делегация келет. Бул тууралуу парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыш боюнча комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов «Азаттыкка» маалымдады. Бундестагдын делегациясы Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары жана депуттары менен жолугушат. Тараптар Германия менен Кыргызстандын парламентинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Германиялык делегация президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев менен да жолугат. Анти Фольмар жетектеген делегация Кыргызстанга Борбор Азия регионуна жасаган сапарынын алкагында келет.

XS
SM
MD
LG