Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Дүйшөмбү шаарында соттор жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Дүйшөмбү шаарында “Сот адилеттиги реформа мезгилинде” деген аталыштагы эларалык конференция бүгүн өз ишин аяктады. Конференциянын катышуучулары соттордун жана сот бийлигинин улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымдарын жана аткарган иштерине байланыштуу маселени карады.

Ошондой эле сот бийлигинин конституциялык статусу, карандысыздыгын чыңдоо жана башка бийликтер менен бирдикте аракеттенүүсү, сот ишине катышуучулардын тең укуктуулугун сактоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Жыйынга Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Украина, Өзбекстан, Тажикистандын Конституциялык жана Жогорку сотторунун, Жогорку экономикалык соттордун өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG