КАРАКОЛ. Бул тууралуу Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Алиев маалымат таратты. Алиевдин айтымында, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктиктеги Дөңталаа, Тогузбулак, Алабаш, Каракол, Коңурөлөң айылдарынын автожолдору акыркы он жылдан бери оңдолбой, аталган айыл тургундарынын нааразычылыгын пайда кылган. Элет калкынын суроо талаптарынын негизинде дээрлик кароосуз калган 118 чакырым аралыктагы автожолду кайра калыбына келтирүү үчүн 375 миң сом акча бөлүндү.
Кошумчалай кетүүчү маалымат республиканын вице-премьер-министри Токтош Айтикеева да аталган айылдарда болуп, элеттиктердин жол каттамдары боюнча суроо талаптарын угуп, аларга техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө сөз берди.