Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:08

Чынара Көлбаева күйөөсүн өлтүргөндөрдү жазалоону талап кылууда


БИШКЕК. 9-октябрда президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымов 1997-жылдын мартында атып өлтүрүлгөн «ЛУКойл-Кыргызстан» биргелешкен ишканасынын мурдагы директору Юсуп Көлбаевдин жесири Чынара Көлбаеваны кабыл алды. Көлбаева президенттик администрациядан аны кабыл алууну 8 жылдан бери өтүнүп келген.

Анын «Азаттыкка» бүгүн маалымдаганына караганда Тойчубек Касымов менен болгон жолугушууда ал Юсуп Көлбаевди өлтүрүүнү уюштургандар жөнүндө өз пикирин айтып, Кыргызстанга белгилүү ысымдарды атаган жана аларды сот жообуна тартууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал эми Тойчубек Касымов болсо бул тууралуу президент Аскар Акаевге маалымдоону убада кылган.

Буга чейин - 2000-жылдын январында Юсуп Көлбаевди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен Бишкек шаардык гарнизондук аскер соту Таалай Бейшембиевди, Вячеслав Качанды жана Виталий Куркинди өлүм жазасына кескен. Ошол эле жылдын ноябрь айында Жогорку сот алардын апелляциялык арызын карап, аскердик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Чынара Көлбаеванын маалыматы боюнча өлкөнүн башкы прокуратурасы Юсуп Көлбаевди өлтүрүүнү уюштургандарды аныктоо максатында кайрадан тергөө амалдарын баштады.

XS
SM
MD
LG