Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ЕККУнун жыйынында Феликс Кулов жөнүндө сөз болду


БИШКЕК. "«Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов 2005-жылдын ноябрына чейин абактан бошотулбайт" деген маалымат АКШны тынчсыздандырууда. Бул жөнүндө Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынында кечээ айтылгандыгын Венадан Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев бүгүн «Азаттыкка» маалымдады.

Анын айтымында, жыйында АКШ делегациясынын жетекчиси, элчи Ларри Наппер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын бузулушуна токтолуп, Феликс Куловго байланыштуу өзүнүн тынчсыздануусун билдирди. Элчи көптөгөн укук коргоо уюмдары Куловдун камалышын саясий мунөзгө ээ деп айтып келишкендигин жана бул себептен улам анын абактан чыгуу мөөнөтү да жылдырылып жактандыгы ыктымалдыгы жөнүндө маалымдады.

Ал эми кыргыз бийлиги Феликс Кулов мыйзам негизинде сот жообуна тартылган деп эсептейт.

ЕКУУга мүчө өлкөлөрдө адам укуктарынын сакталышы жана демократиянын абалы каралып жаткан бул жыйын 4-октябрда башталган жана ал өз ишин 15-октябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG