Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Мисирдин Таба шаарындагы жардыруудан өлгөндөрдүн саны отуздан ашты


7-октябрдын кечинде Мисирдин Таба шаарындагы жардыруудан жапа чеккендерди куткаруу иштери уланууда. Акыркы сааттарда мейманкананын урандыларынын алдынан дагы эки дене алып чыгылды жана өлгөндөрдүн саны отуз экиге жетти. Жөөт өкмөтүнүн айтымында, алардын жыйырма жетиси - Израилдин жарандары. Жараат алгандардын саны бир жүз элүүгө жакын.

Таба шаарындагы "Хилтон" мейманканасын жанкечтилер жардырып жиберген жана андан соң шаардан алыс эмес жерде дагы башка жардыруулар болгон.

XS
SM
MD
LG