Израилдин аскерий тик учмасынан бүгүн Газа тилкесиндеги Жабалия айылына ракета атылгандан бир адам өлүп, дагы эки киши жараат алды. Палестиналыктардын айтымында, өлгөн адам "Хамас" тобунун жетекчилеринин бири болчу. Эртең менен болсо Хан Юнус деген айылга дагы ракета атылгандан эки куралчан араб курман болгон, Бейт Ханун деген жерде дагы жөөт аскерлери дагы эки куралчан адамды өлтүрдү.
Акыркы 10 күндүн ичинде жөөт аскерлери Газа тилкесинде токсонго жакын арабды өлтүрдү, алардын көпчүлүгү карапайым адамдар.
Акыркы 10 күндүн ичинде жөөт аскерлери Газа тилкесинде токсонго жакын арабды өлтүрдү, алардын көпчүлүгү карапайым адамдар.