Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

АКШда президенттикке талапкерлер ортосунда экинчи телетаймаш болуп өттү


Кечээ күнү кечинде АКШнын Сент-Луис шаарында президенттикке талапкерлер Жорж Буш менен Жон Керри ортосунда экинчи телетаймаш болду. Президент Буштун айтымында, кеңири кыруучу курал Иракта табылбаганы менен, согуш баштоого жетиштүү негиз болгон:

- Курал табылбай калганы мага жаккан жок жана биз азыр эмне үчүн андай болгонун иликтеп жатабыз. Бирок Саддам Хусейн өзгөчө коркунуч түзгөн жана ал кулатылгандан кийин дүйнө жакшырды.

Сенатор Керринин айтымында болсо, "ал-Каида" жана анын жетекчиси Усама бин Ладенге каршы күрөшкөндүн ордуна Буш аскерлерди Иракка жибергенден дүйнөлүк коопсуздук начарлады:

- Дипломатия чараларын туура колдонсок, биз 200 миллиард доллар каражатты үнөмдөмөкпүз жана Усама бин Ладен азыр, мүмкүн, абакта отурмак. Мына ушуну террорго каршы согуш деп аташ керек.

Акыркы элдик сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, Буш менен Керри тең келатат.

XS
SM
MD
LG