Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Ооганстанда президенттик шайлоо өттү


Ооганстанда бүгүн президенттик шайлоо өткөрүлдү жана добуш берүүгө катышкандардын саны көп болгондуктан, шайлоо түйүндөрү эки саат кошумча иштеди. Эртең менен эрте добуш берүү түйүнүнө келген президент Хамид Карзай бул шайлоо жогорку мааниге ээ экенин айтты:

-Ооган эли бүгүн алгачкы жолу добуш берүүгө катышып, өз президентин тандап жатат. Мен бактылуумун, бул зор күн. Алла кааласа, келечекте Ооганстанда мындай күндөр көп болот.

Бирок шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттери да көрүлдү: кээ бир шайлоо түйүндөрүндө мина табылды, кээ бирлеринде болсо шайлоочулардын бармагына коюлган сыя белги оңой эле өчүрүлгөн мисалдар катталды.

XS
SM
MD
LG